12.11.2019 12:50

Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде калган унаа Кыргызстандын башкы консулуна таандыкпы?  

Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде калган унаа Кыргызстандын башкы консулуна таандыкпы?  

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде турган унаанын кимге таандык экенин териштирип жатат. Бул туурасында ТИМ Маалымат департаментинин жетекчиси Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулуна билдирүү жөнөтүлгөн.

Түрк ЖМКлары тарабынан жайылтылган фото-видеолордо жолдун боюна токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа да бар. Жашыл түстөгү номердик белгиде ак түс менен жазылган мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болуп саналат.

Айрым божомолдорго караганда, бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык. Түрк ЖМКлары номер жасалма болушу мүмкүн деген пикирди карманышууда. Кыргызстан ТИМи автоунаа тууралуу имиштердин чын-төгүнүн териштирүүнү убадалады. 

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткирилген Саймаитинин жаракаты оор болгондуктан каза тапкан.

Саймаитинин ысымы «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.